"Коопсуз жол" эл аралык автожүрүш Кыргызстандын аймактарын да аралайт

"Коопсуз жол" иш-чарасынын алкагында өкмөттөр аралык кеңештин 40-жыйыны Өзбекстандын Ташкентинде 22-августта өтмөкчү.
Sputnik

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. "Коопсуз жол" эл аралык автожүрүшү 6-август күнү Россиядагы Москва техникалык авто-жол мамлекеттик университетинин башкы корпусунун жанынан саат 9.00дө старт алган. Бул тууралуу Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты.

Жүрүш Москвадан башталып Казань, Уфа, Челябинск, Астана, Алматы, Чолпон-Ата, Нарын, Ош, Ташкент, Самарканд, Бухарадан өтөт.

"Ал эми Кыргызстан боюнча Каракол, Чолпон-Ата, Нарын, Жалал-Абад жана Ош шаарларын аралайт. Өлкө боюнча трассанын жалпы узундугу 940 чакырымды түзөт. Иш-чаранын алкагында Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолдун курулушу менен таанышуу болот", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле "Коопсуз жол" менен катар өкмөттөр аралык кеңештин 40-жыйыны Өзбекстандын Ташкентинде 22-августта өтмөкчү. Жыйынга КМШнын аткаруучу комитетинин, ведомство, министрликтердин жетекчилери, автожол тармагынын алдыңкы адистери катышат. Анда КМШнын эл аралык жолдору, жаңы технологияларды киргизип, лабораторияларды түзүү сыяктуу бир катар маселелер талкууланат.