Радио

Молдобаев: жарандар 1-сентябрга чейин жер, үй, унаа салыгын төлөшү керек

Мамлекеттик салык кызматынын ага инспектору Өзөрбек Молдобаев быйыл жети айдын жыйынтыгы боюнча салык чогултуу, былтыркыга караганда 107 пайызга көп аткарылганын айтты.
Sputnik
Молдобаев: жарандар 1-сентябрга чейин жер, үй, унаа салыгын төлөшү керек

Жарандар жер, үй, унаа салыгын ушул жылдын 1-сентябрына чейин төлөшү зарыл. Бул тууралуу Өзөрбек Молдобаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жети айда жалпысынан 338 миллион сом салык жыйналды.

"Жарандардын салык төлөө маданияты жогорулады десек болот. Акыркы күндү күтпөстөн эртерээк барып төлөп коюп жатышат. Өзгөчө аймактардагы жашоочулар жоопкерчилик менен мамиле кылышат. Буга салык төлөө жолдорунун жеңилдеши да себеп болду десек жаңылышпайбыз. Учурда салыкты соода түйүндөрүндөгү терминалдар, электрондук капчыктар, банк, почта аркылуу төлөсө болот", — деди Молдобаев.

Ал салык төлөөчүлөрдүн пассивдүүлүгү Бишкек шаарында байкалаарын кошумчалады. Ошондой эле төлөмдөрдү кабыл алуу 1-сентябрга чейин созулаарын эскертип өттү.