Жээнбеков кесиптеши Назарбаевге 100 жыл мурунку самоор белек кылды. Сүрөт

Тарыхчылар самоор 100 жыл мурун жасалганын айтышууда.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Астананын күнүнө карата кесиптеши Нурсултан Назарбаевге өзгөчө самоор белек кылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Самовар, который подарил президент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков главе Казахстана Нурсултану Назарбаеву

Самоор экспонат катары Казакстандын президентинин китепканасына өткөрүлүп берилди. Маалыматка караганда, белек өзгөчө таштар жана чыгыш саймалары менен кооздолгон.

Самоордун тарыхы Уралда XVIII кылымда, тагыраагы 1740-жылы башталган. Кийин Тулада жасалып, бара-бара Орто Азияга да жайылган.