Ысык-Атада жоголгон эки жашар наристе эртеси чуңкурдан табылды

Наристенин абалы канааттандырарлык.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылындагы "Дача-Лира" тилкесинде бүгүн, 10-августта, бейшемби күнү жоголуп кеткен эки жашар кыз табылды. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Ал эми Чүй облустук милициянын маалыматы боюнча бөбөк 9-августта ата-энеси менен туугандарынын үйүнө конокко келген. Ал кечки саат 21.00дөр чамасында сыртта ойноп жүргөн жеринен жоголуп кеткен. Ата-энеси туугандары менен түнү бою өз алдынча издеп таппай, таңкы саат 4.46да милицияга кайрылган.

Издөө иштери саат 8.30да башталып, ага 31 куткаруучу, ИИМдин 25 кызматкери жана жергиликтүү тургундар тартылган.

"Издөө иштеринин натыйжасында куткаруучулар саат 10.20да кызды чуңкурдан таап, ата-энесине өткөрүп беришти", — деп айтылат маалыматта.

Наристенин абалы канааттандырарлык.