Жол кыймылынын коопсуздугун реформалоо боюнча топту Тамерлан Ибрагимов жетектейт

Жумушчу топ мыйзам жана тартипти күчөтүү, жарандардын коопсуздугун коргоо максатында түзүлүдү.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Ички иштер органдарынын жол коопсуздугун камсыздаган бөлүктөрүн реформалоо боюнча жумушчу топ түзүлүп, аны саясий-укуктук иликтөөлөр борборунун директору Тамерлан Ибраимов жетектемей болду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков аппарат жетекчисинини биринчи орун басары Досалы Эсеналиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жана Тамерлан Ибраимов менен жолугушкан. Анда жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо маселелери талкууланганы айтылат.

Жээнбеков жоокерлердин кордолушу боюнча окуяны териштирүүнү тапшырды
Мыйзам жана тартипти күчөтүү, жарандардын коопсуздугун коргоо максатында жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынып, аны жетектөө Тамерлан Ибраимовго сунушталды.

Жумушчу топтун курамына президенттик аппараттын, өкмөттүн, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кирет.

Ошондой эле жолугушууда биринчи кезекте бул багытта жумушту баштоо үчүн тиешелүү мыйзамдык база түзүлүшү керектиги белгиленди.

Президент Жээнбеков сот реформасы, коопсуздукту, мыйзамды жана тартипти камсыздоо мамлекет алдында турган эң маанилүү маселелердин бири экенин айтты.

“Бул тармактагы реформалар — татаал маселе жана бир топ күч менен убакытты талап кылат. Бирок биз реформаларды аягына чыгарышыбыз керек. Мен сиздин жазып берген маалыматыңыз менен таанышып чыктым, анда ишке ашыра турчу конструктивдүү идеялар жана ойлор бар. Бизди биргелешкен, талыкпаган жумуш күтүп жатат”, — деди президент Тамерлан Ибраимовго кайрылып жатып.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 19-июлунда Сооронбай Жээнбековдун өлкөнүн жарандык коому менен болгон жолугушуусунда Тамерлан Ибраимов жол кыймылынын коопсуздугун реформалоо маселелерин көтөргөн.

Анда өлкө башчы бул маселе боюнча жумушчу топ түзүү максатында ага аналитикалык маалымат берүүнү сунуштаган.