Жээнбеков жоокерлердин кордолушу боюнча окуяны териштирүүнү тапшырды

Буга чейин бир катар ЖМКларга №73809 аскер бөлүгүнүн офицерлери жоокерлерди ур-токмокко алып, басмырлап, аткылаганы тууралуу маалыматтар жарыяланган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевге №73809 аскердик бөлүктөгү мыйзамды жана тартипти бузууга алып келүү себептерин иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин бир катар ЖМКларга №73809 аскер бөлүгүнүн офицерлери жоокерлерди ур-токмокко алып, басмырлап, аткылаганы тууралуу маалыматтар жарыяланган. Кызмат өтөгөндөр Адам укугун коргоо боюнча "Кылым шамы" борборуна кайрылышкан. Аталган борбор жоокерлердин зомбулукка кабылган бир топ фактыларын ачыктап, жабыркагандарга адвокат жагынан жардам берген. 

Секретарь Совета безопасности КР Дамир Сагынбаев

Жээнбеков Сагынбаевди бүгүн кабыл алды. Коопсуздук кеңешинин катчысы №73809 аскердик бөлүгүндө болгон окуя боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү боюнча маалымат берди.

"Иш 18-июнда Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы тарабынан Кылмыш кодексинин 305-беренесинин үч бөлүгү боюнча козголду. Тиешелүү тергөө иш-чаралары өткөрүлүп, жыйынтыгы үстүбүздөгү жылдын август айынын башында даяр болгон. Сот-медициналык экспертизалар дайындалган", — деп айтылат маалыматта.

Сагынбаевдин айтымында, тергөө күнөөлүү адамдарды аныктап, учурда аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси каралып жатат.