БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Ош ШИИБдин кабыл алып бөлүштүрүү бөлүмүнүнүн имараты толугу менен реконструкцияланат. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мэр Таалайбек Сарыбашев Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын аталган имаратынын абалы менен таанышып чыккан.
"Имарат 1970-жылы курулган. Бул жерге документи жок жарандар, турак жайы жоктор, коммерциялык секс кызматын көрсөтүп иштегендер алып келинет. Тек-жайын тактоо үчүн кармалган адамдар үч сааттан кийин коё берилет. Жылдын биринчи жарымында бул жайга өздүгүн аныктоо максатында 883 жаран алып келинген. Ал эми ӨКМ имарат авариялык абалда деген корутунду чыгарган", — деп айтылат маалыматта.
Сарыбашев объектини реконструкциялоо долбоорун даярдап, кийинки жылдын бюджетине киргизүүгө сунуш берүүнү тапшырган.