БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети август айынын башында ыкчам-издөө иштерин жүргүзүп, өлкө аймагына бажы төлөмдөрү төлөнбөй алынып кирген "Lexus", "Volvo" жана "Toyota" үлгүсүндөгү автоунааларды кармады.
Мындай аракеттер Кылмыш жаза кодексинин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык жасалмачылык, документтерди жасалмалоо жана аткезчилик боюнча буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында ишке ашкан.
Машиналар Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан мыйзамды бузуу менен каттоого алынган.
"Алдын ала маалымат боюнча автоунааларды өлкө аймагына мыйзамсыз алып кирүүдөн 3 миллион 500 миң сом зыян келтирилген. Кылмыш ишин иликтөө учурунда республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө 1 миллион 388 миң сом кайтарылган", — деп айтылат маалыматта.
УКМК ошондой эле учурда Кыргызстанга автоунааларды мыйзамсыз жол менен алып кирүү боюнча башка учурларды аныктоо жана бул аракеттерге Каттоо кызматынын айрым кызматкерлеринин тийиштигинин бар-жогун аныктоо жүрүп жатканын кошумчалады.