Мамлекеттик "Ала-Тоо" лотереясынын биринчи нускасы чыкты

Лотереялык билеттин баасы 100 сом турат. Биринчи нускасы 2018-жылдын 31-августунда саат 20:00дө "ЭлТР" каналында ойнотулат.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. "Мамлекеттик лотерея компаниясы" аттуу мамлекеттик ишкана "Кыргыз лото" брендинин алдында "Ала-Тоо" лотереясынын биринчи нускасын чыгарды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Билдирмеге караганда, мамлекеттик лотереянын негизги милдети — атамекендик спортту, маданиятты, билим берүүнү, илим жана искусствону өнүктүрүү.

"Лотереялык билеттер Кыргызстандын бардык аймагында сатылат. Биринчи нускасы 2018-жылдын 31-августунда саат 20:00дө "ЭлТР" каналында ойнотулмакчы. Байгелердин арасында Toyota Camry 70 унаасы, 10 iPhone X смартфону жана башка баалуу белектер менен акчалай сыйлыктар бар", — деп айтылат маалыматта.

Лотереялык билеттин баасы 100 сом турат. Аны кайдан сатып алууга болорун, түрлөрүн, оюндун эрежелерин, ошондой эле башка кеңири маалыматтарды www.kyrgyzloto.kg сайтынан таба аласыздар.