Бишкектеги жарылуудан жабыркаган бизнесмендин эмне байлыгы бар

Бизнесмен буга чейин УКМКда иштегени маалым болду.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкектеги Исанов көчөсүндөгү жарылуудан россиялык бизнесмен Александр Гайдуков жабыркады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине милициядагы ишенимдүү булак кабарлады.

Бул ишкерге бүгүн жарылуу болгон жерде 2016-жылы да ок атылган болчу. Ал иштин бети ачылган эмес. Бүгүн анын унаасынын жанында жарылуу болду. Гайдуков тирүү калды, абалы канааттандырарлык

1 / 3
Бишкектеги Исанов көчөсүндөгү жарылуудан россиялык бизнесмен Александр Гайдуков жабыркады
2 / 3
Бул ишкерге бүгүн жарылуу болгон жерде 2016-жылы да ок атылган болчу.
3 / 3
Ал иштин бети ачылган эмес.

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, ишкер 1961-жылы Санкт-Петербургда төрөлгөн. Ал Авиациялык институтту аяктаган. Расмий түрдөгү биринчи иши "Азимут" аттуу илимий-өндүрүштүк бирикме болуп саналат. Кийин Гайдуков Минскиде СССРдин Улуттук коопсуздук комитетинин жогорку курсунан өткөн. Күч түзүмдөрүндө 1991-жылга чейин эмгектенген.

ЖМКлардагы маалыматтарда Гайдуков 1988-жылдан тарта Кыргызстанга байма-бай каттай баштаганы айтылат.

Бишкектеги жарылуудан россиялык ишкер жаракат алды. Жеринен тартылган видео
Ошондой эле ачык булактарда бул киши Россияда бир нече бизнес долбоорлор менен алектенери көрсөтүлгөн. Ал Петербургдагы "НС Информ Консалтинг" филиалына ээлик кылат. Мындан сырткары, "Реликон" компаниясынын, атайын багыттагы унааларды чыгарган "Инновационная техника и технологии" аттуу илимий-өндүрүштүк борборунун, "Мобильные системы" бюросу жана "Центр взыскания долгов" коллектордук агенттигинин ээси.

Александр Гайдуков Кыргызстанда дагы ишкерлик менен алектенет Анын бул өлкөдө "НС информ консалтинг" аттуу консалтигдик фирмасы жана Кей супро" соода компаниясына ээлик кылат. Ошондой эле "Бишкек-Экспо" ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Компания Арстанбабдагы жаңгактардан май чыгарып иштейт. Ушул эле фирмага Тамара Сосновская жана Елена Хромова аттуу айымдар ээлик кылат.

Исанов көчөсүндө ушу тапта эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.