Радио

Калилов: Бишкек — Кара-Балта жолу 2021-жылы толук пайдаланууга берилет

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов аталган жолду ремонтто иштери үч жылга созулганын айтты.
Sputnik
Калилов: Бишкек — Кара-Балта жолу 2021-жылы толук пайдаланууга берилет

Бишкек — Кара-Балта жолу 2021-жылы толук пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Жамшитбек Калилов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айымында, аталган жолдогу тынымсыз кыймыл да жол иштерине тоскоолдук жаратууда.

"Бишкек — Кара-Балта жолун ондоо иштери үч жылга чейин созулуп кетти. Былтыр тендерде эң арзан кызмат көрсөтөм деген кытайлык фирмага бердик. Бирок жолду кеңейтүүдө маселелер жаралып, трассанын боюнда жашаган эл менен акылдашып, эки миллион долларга чейинки компенсация төлөнүүдө. Учурда курулуш жүрүп жатат. Жол 2021-жылы пайдаланууга берилет", — деди транспорт министри.

Калилов учурда курулуш иштери жүрүп жатканын кошумчалады.