Турникте жаш жигиттей чимирилген 67 жаштагы Дамир Жунушов. Видео

Интернет тармагында турниккке жаш жигиттей көнүгүүлөрдү жасап, башкы стадионду айлана чуркаган карыянын видеосу тараган.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги видеонун каарманы менен жолукту.

Бишкектик Дамир Жунушов быйыл 67 жашта. Спортко элүү жашында келгендигин айтат.

"2000-жылы легендарлуу марафончу Петр Чесноков мага "Кантип 100 жыл жашоо керек?" деген китепти белекке берди. Аны окугандан кийин мотивация пайда болду да, воркаут менен машыгууну чечтим. Башкы стадион эртең мененки тогуздан кечки тогузга чейин ачык. Келип машыгыңыздар, эң башкысы өзүңдү жеңүү керек", — деди ал.

Кесиби боюнча архитектор болгон Жунушов күнүнө таза абада эки маал эки сааттан машыгат.