"Ош" базарында ун чыгаруучу завод күйүп жатат. Видео

Бүгүн таңга маал Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ун чыгаруучу заводдон өрт чыкты.
Sputnik

Жерине 5 өрт өчүрүүчү унаа тартылып, учурда ӨКМ кызматкерлери тилсиз жоо менен алышууда. Өрттү өчүрүүгө алгачкы унаа саат 04:53дө чыгып кеткен.

Мындан сырткары, Бишкек Тазалык ишканасынан төрт суу ташуучу унаа тартылган. Өрт чыккан аймакта ИИМ кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөп турат.