Ошто аскадан жарака кетип тургундарга коркунуч жаратууда. Сүрөт

Көйгөйдү жоюу үчүн Бишкектен адистер чакырылат.
Sputnik

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Ош шаарындагы Керме-Тоо тоосундагы аскадан жарака кетип тургундардын коопсуздугуна коркунуч жаратууда. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Оштун башчысы Таалайбек Сарыбашев №5 аймактык кеңештин 218-кварталына барды. Ал жаралган көйгөй жана атайын түзүлгөн штабдын мындан аркы кадамдары тууралуу маалымат алды.

1 / 4
Ош шаарындагы Керме-Тоо тоосундагы аскадан жарака кетип тургундардын коопсуздугуна коркунуч жаратууда
2 / 4
Оштун башчысы Таалайбек Сарыбашев №5 аймактык кеңештин 218-кварталына барды.
3 / 4
Ал жаралган көйгөй жана атайын түзүлгөн штабдын мындан аркы кадамдары тууралуу маалымат алды.
4 / 4
Ал ошондой эле көйгөйдү жоюуда жергиликтүүлөрдүн коопсуздугу сакталышы керектигин белгиледи.

Ал ошондой эле көйгөйдү жоюуда жергиликтүүлөрдүн коопсуздугу сакталышы керектигин белгиледи.

"Ош шаарынын мэриясында жарандык коргоо комиссиясы иштеп жатат. Бул көйгөйдү жоюу милдети ӨКМдин мойнунда. Тоонун боорундагы объектилерди таш кулоодон сакташ үчүн шашылыш түрдө чара көрүү зарыл. Мэрия өз учурунда тийиштүү жардамын сөзсүз көрсөтөт", — деди Сарыбашов.

Көйгөйдү жоюу максатында Бишкектен атайын адистер чакырылмай болду.

Мэрия айрым адамдар өзүм билемдикке салып курулуш иштерине таштарды жүктөп кетип тургандыктан ушундай жарака пайда болгонун маалымдады.