Ушунча да ийилеби! Тереза Мэй ханзада менен олдоксон учурашып, элге күлкү болду

Британ өкмөтүнүн башчысы падышанын үй-бүлө мүчөлөрү менен жолуккан учурунда тартылган сүрөтү кызуу талкуу жаратты.
Sputnik

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй ханзада Уильям менен учурашкан учурунда тартылган сүрөт социалдык тармактын колдонуучуларын кыраан каткырыкка салды. Сүрөт Амьен аймагындагы согуштун 100 жылдыгын майрамдоо учурунда тартылган.

Twitter тармагынын Mutaz Elnour аттуу колдонуучусу британ өкмөт башчысынын ийилчээктигине суктанып, 41 жашта болсо да мындай көнүгүүнү жасай албасын жазды.

​Дагы бир колдонуучу премьер-министр эми падышанын үй-бүлөсүнө табынып, аларга дуба кыла баштабаса болду деп жазды.

​Adolf Rees-Mogg аттуу колдонуучу Тереза Мэй ханзада Уильям менен жолукканда омурткасы кыймылдабай калган го деп тамашалады.

​Ал эми орус тилдүү колдонуучулар Тереза Мэйди Анастасия Волочкова менен салыштырып, британ премьерине толук шпагатка отурууга көйнөгү гана тоскоолдук жаратып калганын жазышты.

​Бир катар колдонуучулар Тереза Мэй падышанын үй-бүлө мүчөлөрү менен учурашууда буга чейин деле оңтойсуз абалда калып келгенин белгилеп, аны тастыктай турчу бир катар сүрөттөрдү чыгарышты.