БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Facebook социалдык тармагы менен YouTube видеосервисинде АКШ президенти Дональд Трамптын эл алдында сүйлөп жаткан учурунда "Аллаху Акбар" деген кыйкырыкка жүрөгү түшүп, тайсалдап калган видеосу тарап жатат.
Facebook социалдык тармагына кечээ жарыяланган видео 10 миңден ашык жолу каралып, 300дөн ашык жолу бөлүшүлгөн. Ал эми бул видео YouTube каналында бир нече күн мурда пайда болуп, көпчүлүк колдонуучулардын көңүлүн бурду.
Sputnik Кыргызстан агенттиги видеонун чын-төгүнүн изилдегенде, ал жасалма экени аныкталды. Бул окуя Трамптын шайлоо алдындагы үгүт иштери учурунда 2016-жылы март айында болгон.
Аныгында Трамп Огайо штатынын Дейтон шаарында шайлоочулары менен жолугуп жаткан учурда ага бир киши кол салууга аракет кылган.
Ал болочок президенттин артынан келип трибунага чыгууга аракеттенип, ага бөтөлкө ыргыткан. Анын жан сакчылары окуя учурунда чара көрүп, мыйзам бузган кишини кармаган.
"Ал менен өзүм эле алышмакмын. Бирок полицияга ишти тапшыруу жеңил болду", — деп Трамп тамашалаган.
Бул окуядан кийин Трамп башка шаарлардагы шайлоочулар менен пландалган жолугушуучуларын токтотууга аргасыз болгон.