Бишкекте күйгөн эт комбинатын кантип өчүрүп жатышат. Жеринен тартылган 11 сүрөт

Sputnik

Асманга көтөрүлгөн өрт. Британияда от чалган торнадону видеого тартып алышты
Аталган завод борбор калаанын Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Өрт 9-августта таңга маал саат 4.50 чамасында башталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча жалын 1000 чарчы метр аянтты жалмады. Өрттү өчүрүүгө 5 унаа тартылган жана жеринде бир штаб иш алып барууда. Өрт таңкы саат 4.50 чамасында башталган, саат 10.50гө карата алынган маалымат боюнча жалын дагы деле чектөөгө алына элек. Бактыга жараша кырсыктан адамдар жаракат алган эмес.

1 / 11
Бишкекте эт комбинатынын чатырынан өрт чыкты
2 / 11
Өрт тууралуу ӨКМге маалымат таңга маал саат 4.50 чамасында түшкөн
3 / 11
Комбинат көп кабаттуу болгондуктан атайын өрт өчүрүүчү кран менен иштеп жатышты
4 / 11
Тилсиз жоо менен кармашууга 5 бөлүм тартылып, 100гө чукул өрт өчүрүүчү жеринде иштеп жатышат
5 / 11
Бишкектин "Тазалык" ишканасынан да төрт суу ташуучу унаа тартылган
6 / 11
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча 1000 чарчы метр аянт күйгөн. Ал эми жеринде иш алып барган өрт өчүрүүчүлөр жалын 5000 чарчы метр жерди жалмаганын айтууда
7 / 11
Өрттү өчүрүүгө алгачкы унаа Ленин райондук бөлүмүнөн саат 4:53тө чыгып кеткен
8 / 11
Бактыга жараша кырсыктан адамдар жаракат алган эмес
9 / 11
Өрттөнгөн завод борбор калаанын Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан
10 / 11
Жалын менен кармашып жаткан өрт өчүрүүчү
11 / 11
Эт комбинатынан чаккан өрт саат 11:23тө чектөөгө алынды.