Жаңы шайланган мэр Азиз Суракматовдун алгачкы убадасы

Бүгүн Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бүгүн шаардык кеңеш Азиз Суракматовду мэр кылып шайлады.

Шайлоо аяктагандан кийин депутаттардын алдында сүйлөгөн Суракматов аларга ыраазычылык билдирип, кайсы иштерге басым жасай турганын айтты.

"Бишкек өнүккөн жана таза шаар болушу үчүн шаардык кеңеш менен чогуу иш алып барабыз", — деди ал.

Ошондой эле Суракматов Бишкектин бюджетинин киреше бөлүгүн жогорулатып, инфраструктараны өнүктүрө туганын айтты.