Радио

Ормонбекова: өткөн жылы үйдөн жана жайлоодон көз жарган 1197 учур катталды

Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун төрөт бөлүмүнүн акушер-гинекологу Наргиза Ормонбекова азыркы кезде турмушка чыкпай кош кабат болгон фактылар көбөйүп жатканын айтты.
Sputnik
Ормонбекова: өткөн жылы үйдөн жана жайлоодон көз жарган 1197 учур катталды

Өткөн жылы жалпысынан алганда,  155 миң 75 төрөт катталды. Мындан сырткары жолдон, үйдөн жана жайлоодон көз жарган 1197 учур болду. Мындай маалыматты Наргиза Ормонбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, төрөт – өтө татаал процесс.

"Ар бир аял үчүн төрөт учуру ыйык жана жоопкерчиликтүү. Бекеринен кыргызда аялдын бир ажалы төрөттөн деп айтылбаса керек. Азыркы кезде жаштардын көпчүлүгү турмушка чыкпай кош кабат болуп калууда. Бул нерсе алардын кысылуусуна, ичин байлап жүрүүсүнө мажбур кылгандыгын айта кетпесем болбостур. Мында абалда корунуп, жашырынып, өзүн кенен сезе албашы эне үчүн эле эмес, балага да кооптуу. Ошол эле маалда врачтарга көрүнбөй, каттоого турбай эле төрөйм деп ойлоп, анын кесепети тийген учурлар кездешүүдө", — деди гинеколог.

Ормонбекова төрөткө жоопкерчиликтүү мамиле кылуу өтө маанилүү экендигин кошумчалады.