БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бишкекте сегизинчи айдын сегизинде, тагыраагы бул күнү 65 түгөй үй-бүлө күбөлүгүн алып, никеге турду. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.
Адатта, жылдын, айдын жана күндүн саны окшош болгон учурларда баш кошууну каалагандар арбын болот.
"2018-жылдын 8-августунда Бишкекте никеге тургандар үч эсе көп болду. Адатта түгөйлөр жыйырманын тегерегинде эле болчу", — деп айтышкан аталган кызматтан.
Кыргызстандагы үйлөнүү тууралуу фактыларды Sputnik Кыргызстан жасаган инфографикадан көрө аласыз.