Кокуй, казы десе "казы-картаны" элестетип ийбеңиз. Омоним сөздөрдү билебизби?

Бир эле сөз ар кандай маанини бериши мүмкүн Маселен, казы деген сөз жылкынын кабырга, сүбөөлөрүнө бүткөн калың катмар май болсо, экинчиден казы шарияттын жоболоруна ылайык, сот ишин жүргүзгөн адам. Мындай сөздөр китепте омонимдер деп аталат.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бүгүнкү "Тибиртке" рубрикасында дал ушул темага токтолобуз. Материалды жазууга КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук коммисия тарабынан даярдалган Кыргыз тилинин синонимдер, антонимдер, омонимдер сөздүгү жардам берди. Эмгекти Альфира Супатаева түзгөн.

Акта I — аттын жонунан көтөрүлүп турган ээрдин көңдөйү;
Акта II — бычылган, эни алынган;
Акта III — акиташ менен агартуу,
Акта IV — сырткы кабыкчасынан ажыратуу (маселен, таруу, арпа);

Балжууран I — өзөгү түтүк сыяктуу өскөн өсүмдүк;
Балжууран II — койдун же топоздун сүтүнөн эч нерсе кошулбай накта уютулган коюу, таттуу айран, жуурат;

Алда I — диний түшүнүк боюнча дүйнөнү жаратып жана аны башкарып турган күч, кудай, теңир;
Алда II — алдыда, алды жакта;
Алда III — өкүнгөндү, нааразычылыкты билдиргенде колдонулат;
Алда IV — бирөөнү жалган сөз менен ишендирүү, калп айтып адаштырып, ынандырып коюу;

Бостон I — жүндөн токулган жогорку сорттогу костюмдук кездеменин аты;
Бостон II — мөмө багы, огород;

Аңыр I — канатында, куйругунда карасы бар, күрөң түстүү өрдөккө окшош жапайы канатуу;
Аңыр II — таң калуу, аң-таң болуу, оозун ачып аңкайып калуу;

Аткы I — кыраан куштардын жемсөөсүн тазалоо үчүн колдонулуучу жыгачтан же жорунун жилигинен жасалган түтүкчө;
Аткы II — апчып алуу, чеңгел менен чапчый кармоо, капшыра тиштөө;
Аткы III  — казандагы бышып жатканда этти оодарган ашкана буюму;

Баар I — эрте жаз, жаздын башталыш убагы, көктөм;
Баар II — ийгилик, үзүрлүү ыракат;

Бакыр I — кедей, кембагал, бечара, байкуш;
Бакыр II — эки тыйындык жез монета, жез чака;
Бакыр III — болгон үн менен кыйкыруу;

Бедер I — куштардын канат-куйругундагы туурасынан кеткен толкун сымал издер, ала-була, чара-ала тактар. Кездемелердин бетине түшүрүлгөн сайма сыяктуу түр, кооздук, оймо-чийме, наар, баа, баалуулук;
Бедер II — медер, арка, жөлөк, таяныч;
Бедер III — кылыч;

Бөкөн I — ээн талаада, чөлдө жашоочу, ийрирээк келген кыска тик мүйүздүү, ача туяктуу жапайы жаныбар;
Бөкөн II — чачтын же жылкынын куйругунун арасындагы жоон чач, жоон кыл;

Даки I — жука ак кездеме, марли;
Даки II — куу, митаам, амалкөй;

Доорон I — шаттык, көңүлдүү жашагандык, жыргалчылык;
Доорон II — өлгөн адамды күнөөдөн арылтуу максатында өлүктү кое электе жасалган диндик ырым жырым жана ошол ырым-жырым үчүн берилүүчү акы;

Жагана I — эртең мененкиге калган бышкан муздак эт;
Жагана II — пахта өсүмдүгүнүн арасын суюлтуу, анын артык баш бутактарын кесип таштоо иштери;

Жапалак I — күндүз жакшы көрбөгөн, көбүнчө күүгүмдө же түнкүсүн чыгуучу үкү тукумуна кирген кичирээк келген жырткыч канаттуу;
Жапалак II — жерге жабыша жалпайып чачырап өсүүчү арчанын бир түрү;

Заң I — үрп-адат, салт;
Заң II — ичтен бөлүнүп чыгуучу керексиз зат, бок;
Заң III — дат;

Казы I — жылкынын кабырга, сүбөөлөрүнө бүткөн калың катмар майы;
Казы II — шарияттын жоболоруна ылайык сот ишин жүргүзгөн адам;

Кемер I — сырткы бетине көркөмдөлүп, күмүш чаптырылып жасалган кайыш кур;
Кемер II — суу жеп кеткенден пайда болгон аң, жар;

Мала I — кыртышты жумшартып майдалоодо колдонулуучу айыл чарба шайманы;
Мала II — анчалык ачык эмес кызгылтымыраак же көгүш түс;

Обоо I — жылкынын жугуштуу ылаңы, жылкынын маңкасы;
Обоо II — дөбөчө кылып үйүлгөн таш, көбүнчө белги катарында таштан үйүлгөн дөбөчө;

Сере I — үстүнкү бети жабык, туш-тарабы ачык болуп, түркүктөргө орнотулган бастырма, секиче, көтөрүңкү жер;
Сере II — төрт манжанын салааларын анча бириктирбей, ачыгыраак коюп өлчөгөндөгү жазылык энди билгизген чен өлчөмү;

Тана I — бир жаштан өткөн эркек торпок;
Тана II — кийимдин белин, жеңин же кээ бир буюмдарды жарашыктуу кылуу үчүн ичке-ичке өөнөп тилүү, кынатып тигүүгө ылайыктоо;

Тубар I — гүлдүү жибек кездменин бир түрү;
Тубар II — төл бере турган, тууй турган мал;

Ызгыт I — анча чоң эмес, көбүнчө саздуу жерде жүрүүчү канаттуу;
Ызгыт II — маасынын, өтүктүн кончунун арткы тигишине кошо катталып тилигүүчү ичке тилке булгаары;
Ызгыт III — чаңды бурулдата уюлгутуп, зыпылдата жүрүү, сызган бойдон катуу кетүү.