БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине Бишкек ТЭЦинин айланасындагы кылмыш иши боюнча дагы кишилерди жоопкерчиликке тартуу керектигин айтып, арыз менен кайрылды. Бул тууралуу жактоочу Facebook баракчасына жазды.
Анын айтымында, Бишкек ТЭЦи боюнча келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору каттоого алынгандын эртеси эле Жогорку Кеңештин үч комитет тарабынан жактырылган.
Токтакуновдун жазышынча ошол учурда тийиштүү комитетти төмөнкү кишилер жетектеп турган:
1. Бюджет жана финансы комитети (ошол учурда комиттети Курманбек Дыйканбаев жетектеп, комитеттин корутундусуна кол койгон);
2. Эл аралык иштер боюнча комитети (ошол учурда комитеттин төрагасы Каныбек Иманалиев болгон);
3. Отун-энергетикасы комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети (ошол учурда комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев болгон).
Жогоруда үч комитет мыйзам долбоорун жактырган. Ал эми 2013-жылы 11-декабрда үч окуудан тең кабыл алынган.
Андыктан Токтакунов мыйзам долбоорун процедураларды бузуу менен кабыл алган Жогорку Кеңештин аппаратындагы кызмат адамдары менен профилдик комитетинин өкүлдөрүнүн аракети (аракет кылбашы) Кылмыш жаза кодексинин 304-беренесине (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 306-беренесине (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу) жана 316-беренесине (Шалаакылык) туура келерин жазат.
Башкы прокуратуранын маалымат кызматы 7-августта Токтакуновдун кайрылуусу келип түшкөнүн тастыктап, учурда ал тийиштүү жактарга берилгенин билдирди.
Белгилей кетсек, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ТЭЦин реконструкциялоо боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган. Ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тараткан расмий билдирүүсүнө ылайык, Сапар Исаков 2013-жылы президенттин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланган. Ал адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш аракеттер аркылуу подрядчыны тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Натыйжада мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга зыян келтирилген.