Өкмөттүн аппарат башчысы Мурат Мукамбетов кызматынан кетти

Ал башка жумушка кетип жаткандыгын билдирип өз калоосу менен арыз жазган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн аппарат башчысы Мурат Мукамбетовду ээлеген кызматынан бошотту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, Мукамбетов башка жумушка кетип жаткандыгын билдирип өз калоосу менен арыз жазган.

Ал өкмөттүн аппаратын 2018-жылдын апрель айында, Мухаммедкалый Абылгазиев премьер-министр болуп келгенден бери жетектеп турган.