Жаңы программа! Элдин саламаттыгын жакшыртууга 2,3 млрд.сом керек

Программадагы алгачкы кадамдарды ишке ашыруу үчүн 2023-жылга чейин 5,1 миллиард сом талап кылынат.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Саламаттыкты сактоо министрлиги калктын ден соолугун сактоого жана бул тармакты 2019-2030-жылдар аралыгында өнүктүрүүгө багытталган программасын өкмөткө жиберди.

"Дени сак адам — гүлдөп өнүккөн өлкө" аталышындагы документ өкмөттүн расмий сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлду. Министрлик программанын долбоору Кыргызстандын 2018-2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү стратегиясын эске алуу менен даярдалгандыгын кабарлашууда.

Онкологиялык оорулууларды дарылоо үчүн чогулган каражат эмнеге жумшалат
Программада аталган системаны 2030-жылга чейинки максаттары менен милдеттери жазылган. Ага бул тармактагы приоритеттүү багыттар кирип, дары-дармек, лабораториялык кызмат, электрондук саламаттыкты сактоону жакшыртуу өңдүү бир катар маселелер киргизилген.

Министрлик программадагы пландарды ишке ашыруу үчүн 2023-жылга чейин алгач 5,1 миллиард сом керектигин жар салды. Учурда 2,9 миллиард сомун (56,9 пайызын) каржылоого мүмкүнчүлүк бар, анын 1,92 миллиард сому мамлекеттик бюджеттен алынса, 95 миллион сому башка булактардан тартылат.

Андан сырткары, 2,3 миллиард сом же 45,1 пайызын издеп табуу керек. Ал эми эл аралык донорлор ал программага каржылык колдоо көрсөтүү үчүн 3,4 миллиард сом бөлүп берүүгө даярдыгын айтышууда.