Күйүп жаткан автоунаадан тирүү кишини алып чыгышты. АКШда тартылган видео

Кырсыктагандарды куткарып жатканда тартип коргоочулардын биринин кийимине да жалын жармашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Америкалык полиция кызматкерлери өрттөнүп жаткан автоунаадан тирүү калган кишини алып чыгышты. Окуяга күбө болгон кишилер куткаруу процессин видеого тартып калышкан. Ал кийинчерээк YouTube каналына жайгаштырылды.

Кырсык өткөн жекшембиде Атланта шаарында болгон. Автоунаа түркүктү сүзүп, андан соң өрттөнө баштаган.

Бишкек — Нарын жолунда жүргүнчү ташыган бус менен жолтандабас кагышты. Видео
Полициянын жетип келген кызматкерлери эшикти ачып, анын ичиндеги жүргүнчүнү эшикке тартып чыгарышкан. Окуяга күбө болгондор дагы эки кишини сактап калууга үлгүрүшкөн. Жабырланган үч адам ооруканага жеткирилген.

Fox 5 Atlanta кырсыктагандарды куткарып жатканда тартип коргоочулардын биринин кийимине жалын жармашкан. Бирок дароо өчүргөндүктөн ал катуу жабыркаган эмес.