Казакстандык археолог дагы бир "Алтын адам" тапты. Сүрөт

Антропологдордун айтымында, табылга 17-18 жаштар чамасындагы бала, ал биздин заманга чейинки VIII-VII кылымдарда жашаган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Казакстандык археолог Зейнолла Самашев Чыгыш Казакстан облусунан "Алтын адам" тапты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

1 / 5
Казакстандык археолог Зейнолла Самашев Чыгыш Казакстан облусунан "Алтын адам" тапты
2 / 5
Тарыхый табылганы археологдор Тарбагатай тоолорундагы Елеке Сазы коргонун казуу иштери учурунда көрүшкөн.
3 / 5
Антропологдордун айтымында, "Алтын адам" 17-18 жаштар чамасындагы өспүрүм бала, ал биздин заманга чейинки VIII-VII кылымдарда жашаган.
4 / 5
Зейнолла Самашев көптөгөн археологиялык экспедицияларды башкарган.
5 / 5
Казакстанда петроглифтер боюнча адис катары таанымал. Тарбагатай тоолорунда казуу иштери эки жыл мурун эле башталган.

Тарыхый табылганы археологдор Тарбагатай тоолорундагы Елеке Сазы коргонун казуу иштери учурунда көрүшкөн. Антропологдордун айтымында, "Алтын адам" 17-18 жаштар чамасындагы өспүрүм бала, ал биздин заманга чейинки VIII-VII кылымдарда жашаган.

Арменияда жалгыз киши казган 7 кабат бийиктиктеги үңкүрдү ачышты
Зейнолла Самашев көптөгөн археологиялык экспедицияларды башкарган. Казакстанда петроглифтер боюнча адис катары таанымал. Тарбагатай тоолорунда казуу иштери эки жыл мурун эле башталган. Буга чейин ал жакта алтындан жасалган ат жабдыктары, баалуу таштар табылган. Археологдордун божомолунда алар сак дооруна таандык.

Эске салсак, биринчи "Алтын адам" 1969-1970-жылдары Казакстандын Алматы шаарынан анча алыс эмес "Ысык" деген суунун жээгинен табылган. Ал Казакстандын улуттук символдорунун бири катары эсептелет.