Караколдо сүйгөнүн кызганган жигит кыздын батирине өрт койгон

Шектүү милицияга тууганы менен бирге батирге балкон аркылуу кирип бензин чачканын айтып берген.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Караколдо кызганычтан улам батирди өрттөп кетишкенин Ысык-Көл облустук милициядан маалымдашты.

Балыкчыда топтошкон балдар милицияга карата ок атышты
6-август күнү саат  таңкы 3.30да көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринен өрт чыккан. ӨКМдин өкүлдөрү өрттү бирөө жарым атайылап койгонун боолгологон. Милициядан батир медициналык училищенин буга чейин киши колдуу болгон  директоруна таандык болгондугун билдирди. Көзү өткөндөн кийин анын мүлкү 38 жаштагы аялга жазылган.

Кылмышка шектүү деп 18 жаштагы жергиликтүү тургун менен анын 19 жаштагы тууганы кармалды. 18 жаштагы бала сүйлөшкөн кызын кызганып жүргөндүктөн анын бөлмөсүнө балкон аркылуу кирип, бензин чачып өрттөп жибергенин моюндаган.

Задержанный по подозрению в поджоге квартиры жительницы Каракола

Учурда Кылмыш жаза кодексинин 174-беренеси (бирөөнүн мүлкүн атайылап өрт коюп жок кылуу) боюнча кылмыш иши козголду. Сот шектүүлөрдү камакка алды. Тергөө амалдары уланууда.

Задержанный по подозрению в поджоге квартиры жительницы Каракола