Чүй: бир чакырымга чейин агып барган киши куткарылды. Жеринен тартылган сүрөт

Окуя 6-августта кечинде болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Чүй районундагы Алга айылынын 53 жаштагы тургуну каналдан өтүп баратып ага түшүп кеткен. Куткаруучулар бир чакырымдай алыс жерден аны таап, Тез жардам кызматына өткөрүп беришти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, тургун 6-августта саат 22:00дөр чамасында каналдан өтүп баратып жыгылып, ага түшүп кеткен. Саат 22:21де Токмок шаары боюнча өрткө каршы куткаруу бөлүмүнө Мээнеткеч айылынан өткөн каналда адам сууга агып бараткандыгы жөнүндө маалымат түшкөн. 

Спасение мужчины мужчины, упавшего в канал в селе Алга Чуйской области

Куткаруучулардын тобу саат 22:35те кырсык болгон жерге жетип барып, каналды жээктеп издеп жүрүп бир чакырым алыстыктан тургунду таап жээкке чыгарышкан. Ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, кийин Тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген. 

Спасение мужчины мужчины, упавшего в канал в селе Алга Чуйской области

Жабырлануучунун дене-башы тытылып, мээси чайкалган. Учурда Чүй райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүндө дарыланууда жана абалы туруктуу.