Бишкек шаардык кеңеши калаа башчысын шайлоодо. Видео

Мэрликке Азиз Суракматовдун гана талапкерлиги көрсөтүлдү.
Sputnik

Бишкек мэриясынын алдында митинг болуп жатат
Бишкек шаардык кеңештин депутаттары учурда калаа башчысын шайлап жатат. Мэрликке Азиз Суракматовдун гана талапкерлиги сунушталган. Аны шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн.

Ал ортодо жарандык активисттер мэриянын имаратынын алдында мэрди шайлоого каршы акция өткөрүп жатышат. Алар Суракматовдон башка альтернативдүү талапкер көрсөтө албаган фракцияларга нааразычылыгын билдиришүүдө.