Бишкек мэриясынын алдында митинг болуп жатат

Бүгүн шаардык кеңеш Бишкектин мэрин шайлайт.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясынын алдында мэрге альтернативдүү талапкер көрсөтө албаган шаардык кеңештеги фракцияларга жана мэрликке талапкер Азиз Суракматовду кыргыз тилин билет деп чечим чыгарган Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мүчөлөрүнө каршы митинг өтүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

1 / 3
Бишкек мэриясынын алдында мэрге альтернативдүү талапкер көрсөтө албаган шаардык кеңештеги фракцияларга жана мэрликке талапкер Азиз Суракматовду кыргыз тилин билет деп чечим чыгарган Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мүчөлөрүнө каршы митинг өтүп жатат.
2 / 3
Коомдук активисттердин бири Калича Умуралиева Суракматов кыргыз тилин тийиштүү деңгээлде билбей турганын, элдин көзүндө, эл менен иштеше турган киши кыргызча оюн так, жеткиликтүү айта билүүсү керектигин баса белгилеп, мэрге жалгыз талапкер кыргызчаны жакшы билбей турганын айтты.
3 / 3
Митингдин уюштуруучулары ар бир фракциянын жана мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөлөрүнө окшоштурулуп жасалган адамдын кебин өрттөшөт.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаардык кеңеши калаа башчысын шайлайт. Ага көпчүлүк фракция Азиз Суракматовдун талапкерлигин көрсөткөн.