Азиз Суракматов "Елизавета" компаниясына болгон тиешеси тууралуу айтты

Буга чейин бир катар коомдук активисттер Суракматовдун мэр болгонго акысы жок экенин, анткени ал "Елизавета" курулуш компаниясына тиешеси болгондуктан кызыкчылыктар кагылышы болорун айтышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын жаңы шайланган мэри Азиз Суракматов журналисттердин "Елизавета" компаниясы тууралуу жана кызыкчылыктар кагылышы боюнча суроосуна жооп берди.

"Эгер кызыкчылыктар кагылышы болсо анын бардыгы Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык келтирилет. БШКга ушул боюнча кат жаздым. Дайындалгандан кийин бардык документтерди мыйзамга тууралайм", — деди Суракматов.

Ал ошондой эле "Елизавета" компаниясында иш жүзүндө иштебей турганын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин бир катар коомдук активисттер Суракматовдун мэр болгонго акысы жок экенин, анткени ал "Елизавета" курулуш компаниясына тиешеси болгондуктан кызыкчылыктар кагылышы болорун айтышкан.