БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. АКШнын Колорадо-Спрингс шаарына муштумдай болгон мөндүр жаап, шаардагы зоопарктын бир топ жаныбарын өлтүрүп, эс алуучуларды жабыркатты. Бул тууралуу жергиликтүү FOX31 Denver телеканалы кабарлады.
Окуя дүйшөмбү, 6-август күнү болгон. Мөндүр алдында зоопаркта эс алып жүргөн 3,5 миң адам да калган.
Видеодо көрүнүп тургандай, теннис тобунан чоңураак мөндүр төгүп жатат. Анын кесепетинен беш адам ооруканага жаткырылып, тогузуна ошол жерден медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Ошондой эле өрдөктүн, бүркүттүн түрлөрү өлүп, жырткыч куштар жабыркаган.