Чемпион болуп келгиле! Жээнбеков Азия оюндарына жол тарткан спортчуларды узатты. Сүрөт

Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта шаарында өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков XVIII Азия оюндарына катыша турчу спортчулар менен жолуккандыгын президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Өлкө башчы спортчулар менен жолугуккандыгына кубанычта экендигин билдирип, аларга ийгилик каалаган.

1 / 7
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков XVIII Азия оюндарына катыша турчу спортчулар менен жолукту
2 / 7
Өлкө башчы спортчулар менен жолугуккандыгына кубанычта экендигин билдирип, аларга ийгилик каалаган.
3 / 7
Сөз соңунда мамлекет башчы тууну курама команданын капитаны Каныбек Жолчубековго тапшырды.
4 / 7
Ал эми грек-рим күрөшүнүн балбаны Жолчубеков президентке курама команданын футболкасын берген.
5 / 7
Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта шаарында өтөт.
6 / 7
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков XVIII Азия оюндарына катыша турчу спортчулар менен жолукту
7 / 7
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков XVIII Азия оюндарына катыша турчу спортчулар менен жолукту

"Олимпиада оюндарынан кийинки ири мелдеш деп эсептелген Азия оюндарына жолдомо алганыңардын өзү чоң жетишкендик. Силер бул ийгиликке ак эмгек, маӊдай тер, чыдамкайлык менен жеттиңер. Бардык эле кыргызстандыктар сыяктуу мен да силердин спорттук ийгилигиңер менен сыймыктангым келет. Мен силердин күйөрманыӊар болом. Ар бириңер медаль тагынып, чемпион болуп, мекениңерге кайтып келишиңерди каалайм. Тайманбай күрөшкө түшүп, жеңишке жетишүү биринчи кезекте спортчунун эркине байланыштуу. Айкөл Манас атабыздын кудуреттүү деми, күч-кайраты силердин ар бириңерде бар. Мен силерге ишенем, силерден үмүттөнөм", — деди Жээнбеков.

Сөз соңунда мамлекет башчы тууну курама команданын капитаны Каныбек Жолчубековго тапшырды. Ал эми грек-рим күрөшүнүн балбаны Жолчубеков президентке курама команданын футболкасын берген.

Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта шаарында өтөт.