БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы турак жай, автоунаа жана жер салыгын төлөөнүн акыркы мөөнөтүнө бир айга жетпеген убакыт калгандыгын эскертти.
1-сентябрда транспортко, ал эми 2-сентябрда турак жайга, батир, үйгө (ишкердик үчүн колдонулбаган жай) жана жерге (огород, бакча, үйдүн алдындагы аянттар) салык төлөө мөөнөтү аяктайт. Эгерде жарандар өз учурунда төлөбөсө, 2 миң сом айып пул салынып, туум чыгат.
Салык кызматынан бардык салык төлөөчүлөргө акыркы мөөнөт боюнча маалымат берилгенин айтышты. 5-октябрдан тарта Мамлекеттик салык кызматы менен ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери салык төлөбөгөндөрдү текшерүү иштерин баштайт.