Сооронбай Жээнбеков Индонезиянын президентине көңүл айтты

Мамлекет башчы мерт болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтуу менен, жабыр тарткандар тез арада сакайып кетүүсүн каалады.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Индонезиянын лидери Джоко Видодого Ломбок аралында болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдар курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Индонезиянын Ломбок аралында болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдар каза таап, кыйроолор болгону тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым", — деп телеграммада айтылат.

Мамлекет башчы мерт болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтуу менен, жабыр тарткандар тез арада сакайып кетүүсүн каалаган.