Арманым аттын башындай! Прокуратуранын WhatsApp номерине үч миң киши арызданды

Кайрылуулар 25-июндан 25-июлга чейин келип түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Башкы прокуратуранын WhatsApp мессенджери аркылуу ачкан түз байланыш номерине бир айда үч миңдей жаран кайрылды. Бул туурасында Башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 25-июнунда элдин көйгөйлүү маселелерине тез арада көңүл буруу жана керектүү маалыматтар менен камсыздоо максатында прокуратуранын "Укуктук колдоо" түз байланышы WhatsApp мессенджеринде сыноо режиминде ачылган.

"Кайрылуулардын көбү соттун чечиминен кийин балдарына алимент төлөбөй жаткандарга байланыштуу болгон. Мындан сырткары, эмгек, жер, турак жай, шаар курууга багытталган мыйзамдардын сакталбаганы жана укук коргоо органдарындагы, сот системасындагы, жергиликтүү бийликтеги кызматкерлердин иш аракеттери боюнча даттанышкан", — деп айтылат маалыматта.

Элдин суроолоруна Башкы прокуратынын кызматкерлери консультация түрүндө жооп берип, укук коргоо жана көзөмөл органдарына кайрылуунун жол-жобосун түшүндүргөн.

Эскерте кетсек, жарандар прокуратуранын (0312) 54-28-18 ишеним телефонуна чалып да арыз-муңун айта алат. Ошондой эле расмий сайтындагы "Интернет-кабылдама" бөлүмүнө да кайрылууга болот.