Ош шаарынын айрым аймактарында 8 саатка жарык өчөт

Оңдоо иштери 9:00дөн кечки саат 19:00гө чейин жүргүзүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Бүгүн Ош шаарынын айрым аймактарында жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Адис: Кыргызстанда электр жарыгынын баасы бир топ кымбаттайт
Мэрия муну күз-кыш мезгилине энергетика объектилерин даярдоо иштерине байланыштырды. Жарык өчө турган райондордун тизмеси:

"Ак-Тилек" аймактык кеңешине караштуу Ак-Тилек кичи шаарчасынын №1-14 жана 19, 21, 23, 25, 26, 28, 34 үйлөрүндө, Учар айылынын Мамыров көчөсүндө;

"Керме-Тоо" аймактык кеңешине караштуу Көкөм бий көчөсүнүн №74, 92,96, 98, 100 үйлөрүндө убактылуу электр энергиясы жок болот.

Оңдоо иштери 09:00дөн кечки саат 19:00гө чейин жүргүзүлөт.