БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттигине милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттеринен жабыркадым деген жарандар көп кайрылышат. Андыктан редакция Ички иштер министрлигине кайрылып, мындай учурда жарандарды ким коргой турганын билип көрдү.
ИИМдин маалымат кызматы айрымдар иш абалынан кыянаттык менен пайдаланып, формасына таянуу менен мыйзамсыз иштерди жасап жиберерин билдирди.
Министрликтин маалымат кызматы эгер тартип сакчылары мыйзам бузуу боюнча арызды кабыл албай жатса, акча талап кылып кодуласа жана башка мыйзамсыз иштерди жасап жаткан болсо тезинен ИИМдин ички иликтөө кызматынын 0704 99 99 18 ишеним телефону аркылуу кайрылууга болорун кабарлады.