Кыргызстандык зыяратчылардын акыркы тобу учуп кетти

Зыяратчылардын алгачкы тобу 25-июлда Бишкектен учуп кетишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстандык зыяратчылардын акыркы тобу 7-августта Ош — Жидда багыты боюнча учуп кетти. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти.

Муфтий зыяратчыларды коштоп барчу ажы башчыларына милдеттерин түшүндүрдү
Ага чейин  кеткен зыяратчылардын бардыгы Мекке шаарындагы мейманканаларга жайгашып, 2 маал ысык тамак, ыйык Аль-Харам мечитине ташуучу автобустар менен камсыз болушкан.

Белгилей кетсек, зыяратчылардын алгачкы тобу 25-июлда Бишкектен сапарга чыккан. Жалпысынан 18 каттам уюштурулуп, кыргызстандыктардыктарды  Flaynas авиакомпаниясы ташыды.