Көчмөндөр оюнунда коюлчу таштанды челекке 2 млн. сомго чукул акча керектелет

Ушу тапта контейнерлерди даярдоо боюнча тендер өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Сентябрь айынын башында өтчү Көчмөндөр оюндары үчүн 270 таштанды челек даярдала турганын Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.

1 / 3
Сентябрь айынын башында өтчү Көчмөндөр оюндары үчүн 270 таштанды челек даярдала турганын Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги билдирди
2 / 3
Маалыматка ылайык, мындай кадам жаратылышты коргоп, биотүрдүүлүктү сактап калууга өбөлгө болот
3 / 3
Ушу тапта тендер өтүп, таштанды челектерди жеке ишкер "Севергин" даярдамай болду.

Маалыматка ылайык, мындай кадам жаратылышты коргоп, биотүрдүүлүктү сактап калууга өбөлгө болот. Ушу тапта тендер өтүп, таштанды челектерди жеке ишкер "Севергин" даярдамай болду.

Контейнерлердин жалпы суммасы 1 миллион 826 миң 600 сомду түзмөкчү. Мында Чолпон-Атадагы ипподромдун жанына 70 челек коюлса, Кырчын жайлоосуна 200 контейнер каралган. Ушу тапта таштанды челектердин 100ү даяр, калган 170ин 28-августка чейин жасап бүтүү каралган.