Германия: карылар үйүндөгү кемпир-чал рок-фестивалга баруу үчүн качып кетишкен

Карылар үйүнүн жетекчилиги ардагерлердин качып кеткени боюнча полицияга кайрылганы айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Германиянын полициясы Wacken Open Air рок-фестивалына барабыз деп карылар үйүнөн качып кеткен эки ардагерди кармаганын Indepdendent басылмасы жазды.

Өлкөнүн түндүгүндөнү Вакен шаарында өткөн фестивалда Red Hot Chili Peppers жана Judas Priest топтору өнөрлөрүн тартуулаган.

Карылар үйүнүн жетекчилиги ардагерлердин качып кеткени боюнча полицияга кайрылып, укук коргоо органдарынын кызматкерлери "качкындарды" 3-августта таңкы саат үчтө араң табышкан.