Бишкектеги Эркиндик гүлбагынын төмөн жагы эки тарабынан жабылмай болду

Оңдоо иштери ушул жылдын 26-августуна чейин созулат.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Бишкекте шаршемби күнү Эркиндик гүлбагынын Абдымомунов көчөсүнөн Фрунзеге чейинки бөлүгү эки тарабынан жабылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Ремонт "Бишкек шаарынын көчөлөрүн калыбына келтирүү" долбоорунун алкагында жүргүзүлөт. Иш ушул жылдын 26-августуна чейин созулат.

Шаар бийлиги айдоочуларды альтернативалуу жолду алдын ала пландоого чакырып, келтирилген ыңгайсыздык үчүн калаа тургундарынан кечирим сурайт.