Эми жол тыгынды айланып өтсө болот. Бишкекте ачылган эки көпүрөнүн сүрөтү

Көпүрөлөр ЧЧК жана Аламүдүн дарыясын Орозбеков жана Токтогул көчөлөрү аркылуу кесип өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Бишкекте расмий түрдө эки көпүрөнүн ачылышы болду. Бул тууралуу мэриянын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгынан кабарлашты.

Биринчи көпүрө Орозбеков көчөсүндөгү ЧЧКны кесип өтөт. Анын узундугу — 46 метр, туурасы — 13. Эки тарабында тең тротуар бар.

1 / 5
Бишкекте расмий түрдө эки көпүрөнүн ачылышы болду
2 / 5
Биринчи көпүрө Орозбеков көчөсүндөгү ЧЧКны кесип өтөт.
3 / 5
Анын узундугу — 46 метр, туурасы — 13. Эки тарабында тең тротуар бар.
4 / 5
Экинчи көпүрө Токтогул көчөсүндөгү Аламүдүн дарыясына курулду.
5 / 5
Узундугу — 34 метр, туурасы — 23.

Экинчи көпүрө Токтогул көчөсүндөгү Аламүдүн дарыясына курулду. Узундугу — 34 метр, туурасы — 23.

Бишкекте курулган дагы бир көпүрөнүн асмандан көрүнүшү. Видео
Акыркы эки жылдын ичинде борбор калаада беш көпүрө салынды. Учурда эки көпүрөнүн курулуш иштери аяктоо этабында турат. Алардын бири Токтоналиев көчөсүндөгү Ала-Арча дарыясын кесип өтүп Медеровго чыкса, экинчиси Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан.

Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, жаңы көпүрөлөрдүн эксплуатацияга берилиши шаардагы жол тыгынды жок дегенде 20 пайызга чейин төмөндөтөт.