БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-августта, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Анда өкмөт тарабынан өлкөдөгү экономикалык өсүштү камсыздоо жана жарандардын турмушун жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.
Жээнбеков өкмөттүн аймактарды өнүктүрүү боюнча ишмердигин күчөтүү зарылдыгына басым жасады. Ошондой эле жакын арада Кыргызстандын туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынынын кароосуна алынып чыкчу КРдин туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын ишке ашырылышына өзгөчө көңүл бурду.
Мындан тышкары, премьерге өкмөттүн жаңы демилгелери боюнча алдын ала түшүндүрүү иштерин активдештирүүнү сунуштады.
"Жаңы демилгелер дайым алдын ала түшүндүрүү иштерин талап кылат, анткени жарандар аларды киргизүүнүн зарылдыгы эмнеде экенинен толугу менен кабардар болушу керек", — деп белгиледи президент.
Премьер-министр Абылгазиев өкмөттүн кышка даярдыгы, күзгү талаа жумуштарын өткөрүү, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди куруу жана оңдоп-түзөө, "Коопсуз шаар", "Түндүк" системасынын негизинде электрондук башкаруу долбоорлору жана "Таза коом" санарип трансформация программасын ишке ашыруу боюнча аткарылып жаткан жумуштар тууралуу айтып берди.
КР Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети 2018-жылдын 20-июлунда бул долбоорду ишке ашырууга катышууну каалаган компаниялар арасында конкурс жарыялаган, анын жыйынтыгы менен баштала турган мөөнөтү аныкталат.
"Бүгүнкү күндө жергиликтүү өзүн-өзү башкарууга маалыматтык киоск "Бала бакчаларга Е-кезекке туруу", "Гибриддик почта" сыяктуу 7 долбоор ишке ашырылды. 10 долбоор ишке ашырылууда, дагы 16 долбоор пландаштырылган", — деп маалымдады Абылгазиев.
Ал ошондой эле электрондук башкаруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү боюнча кеңеш программанын алкагында ишке ашырыла турган артыкчылыктуу долбоорлордун тизмесин бекиткенин белгиледи.