Ысык-Көлдө акыркы эки айда 18 киши чөгүп кеткен

Июнь, июль айларында милиция эл менен 129 жолу жолугушуу уюштурган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облустук милициясы билдиргендей, июнь айынан бери карай ушул күнгө чейин көлгө 18 киши чөгүп кеткен. Ал эми былтыр жайкы курорт сезону учурунда сууга чөгүп 24 киши көз жумган.

Жайкы туристтик сезон учурунда облустук милиция коомдук тартипти камсыздоо боюнча бардык аракеттерди көрүп жатат. Жыл башынан бери облус аймагындагы дарыялар менен бассейндерге 8 киши чөгүп каза болгон.

"Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 18 кишинин бешөө — жашы жете электер. Андан сырткары, каза болгон 5 киши Бишкек шаарынын, 5 киши Ош облусунун, 3 киши Нарындын жана бир киши Жалал-Абад облусунун тургуну болгон", — деп айтылат маалыматта.

Өспүрүмдөрдүн өмүрүн алган 5 себеп аныкталды
Акыркы кезде сууга чөгүп кетүү фактысы көп катталып жаткандыктан Ысык-Көл облустук милициясы эс алуу үчүн башка аймактан келгендер менен жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Июнь, июль айларында милиция эл менен 129 жолу жолугушуу уюштурган.

Ошондой эле көлдүн жээгиндеги пляждарга 84 маалымат-эскертүүчү баннерлер орнотулган.