Радио

Солтобаев: тарых факультеттери көп, бири да археологдорду даярдабайт

Кыргыз улуттук университетинин ага окутуучусу, археолог Орозбек Солтобаев археология жаатында өлкөдө кадрдык көйгөй бар экенин айтты.
Sputnik
Солтобаев: тарых факультеттери көп, бири да археологдорду даярдабайт

Өлкө аймагында 60тан ашуун жогорку окуу жай бар, алардын баарында тарых факультеттери ачылган, бирок археологдорду даярдап чыгарышпайт. Бул тууралуу Орозбек Солтобаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, археологдор Кыргызстандын окуу системасы ага туура келбегендиктен окутулбайт.

"Өлкөдө 60тан ашуун ЖОЖ, 57 мамлекеттик музей бар, тилекке каршы, биринде да археологдорду окутушпайт. Бул багытта Кыргызстан абдан кейиштүү абалда турат. Чет мамлекеттен келген археологдор да биздин жерде тарыхый баалуу мурастардын чети оюлбай жатканын айтышат. Ал эми кадр маселесиндеги көйгөйлөрүбүз менен таанышканда бир чети таң калып, бир чети капа болушат", — деди Солтобаев.

Ал чет элден үлгү алуу менен окуу системасын өзгөртүп, ЖОЖдон тезинен археологдорду даярдап чыгаруу керектигин кошумчалады.