БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычына чөгүп кеткен баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, каза болгон бала 13 жашта болчу.
"5-август күнү саат 18:30да өспүрүм сууга чөктү деген маалымат келген. ӨКМдин куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүп, бирок таба албай коюшкан. 6-август күнү издөө иштери кайра улантылып, сөөк 15:25де гана табылган", — деп жазылат маалыматта.
Куткаруучулар сөөктү туугандарына өткөрүп беришкен.