Таластын Казактан менен чектешкен тоосунда кайрадан өрт тутанып кетти

Өрт толугу менен жума күнү өчүрүлгөн болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Таластын Манас районундагы Казакстан менен чектешкен Алмалуу жайлоосунун тоо этегинде кайрадан өрт тутанганын ӨКМ билдирди.

Эскерте кетсек, бир топ убакыттан бери өрттөнүп жаткан жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп, толугу менен 3-августта өчүрүлгөн.

"Бирок 5-августта саат кечки беште кайрадан тутанып кеткен. Ушу тапта жалынды өчүрүүгө жергиликтүү 200 тургунду кошкондо 350гө чукул киши тартылган", — деп айтылат маалыматта.

Өрттү өчүрүүгө атайын кызматтар да тартылды.