Николас Мадуро сүйлөп жаткан учурда жарылган дрондун видеосу жарыяланды

4-августта парадда сүйлөп жаткан Венесуэланын президентине кол салуу аракети болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Венесуэладагы El Nacional басылмасынын жетекчиси Мигель Отеро Twitter баракчасына дронду жок кылуу учуру тартылган видеону жарыялады. Видео Каракас шаарындагы Боливара проспектисинде Улуттук гвардиянын түзүлгөн күнүн утурлай уюштурулган парад учурунда тартып алынган.

​Видеодо дрон-мультикоптер көрүнөт, анын асманда жарылып жаткан учуру камерага түшүп калган. Бул учурда Венесуэланын президенти Николас Мадуро сүйлөп жатканын угууга болот.

Африкага барган россиялык журналисттерге ким кол салганы айтылды. Чоо-жайы
Ал ортодо өлкөнүн байланыш жана маалымат министри Хорхе Родригес парад учурунда Мадуро сүйлөп жаткан трибунага жарылуучу зат байланган бир нече дрон учуп келгенин билдирген. Анын кесепетинен жети жоокер жаракат алган.

Министр кийин маалымат берип, президентке болгон кол салуу учурунда үч аппарат жарылганын тактаган.

Мадуро окуядан кийин элге кайрылып, бул кол салуунун артында оппозиция жана Колумбиянын бийлиги турарын айткан. Өз кезегенде Колумбиянын Тышкы иштер министрлиги Мадуронун айыптоолорун четке кагып, суу кечпей турганын билдирген.

Президентке кол салуу аракети боюнча шектүү катары алты киши кармалды.

Кол салууну "Фланель жоокерлер" уюму уюштурганын моюнга алды.