Бишкекте дагы бир көчө Лев Толстойго чейин узарат. Сүрөт

Апрель айында Айтматов көчөсүндөгү гараждар алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Бишкекте Төрөкул Айтматов көчөсүн Лев Толстойго чейин узартуу боюнча курулуш иштери башталды.

1 / 3
Бишкекте Төрөкул Айтматов көчөсүн Лев Толстойго чейин узартуу боюнча курулуш иштери башталды.
2 / 3
Айтматов көчөсүндөгү гараждар апрель айында алынган.
3 / 3
Муниципалдык кызматтар 15 миң чарчы метр жерди бошоткон.

Айтматов көчөсүндөгү гараждар апрель айында алынган. Муниципалдык кызматтар 15 миң чарчы метр жерди бошоткон.

Бишкекте курулган дагы бир көпүрөнүн асмандан көрүнүшү. Видео
Мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалымат кызматы ушу тапта аталган жерде Жибек Жолу проеспектисинен Түгөлбай Ата көчөсүнө чейин жол салынып жатканын кабарлады.

Курулуш иштерин аяктоо мөөнөтү 1-октябрь деп белгиленген. ТЭЦ үчүн электр коммуникациялары орнотулуп жаткандыктан курулуш бир ай кеч башталган.

Маалыматта Айтматов көчөсү кандай болгон күндө да Лев Толстой көчөсүнө чейин узарары, бирок кайсы жол менен кошулары азырынча белгисиз экени айтылат. Мындан тышкары, курулуш иштери быйыл бүтпөй турганы белгиленди.